table-layout касиети

Кээ бир учурларда браузер уячаларга туруктуу тууралык берилген болсо дагы, анын өлчөмүн кичирейте алат. <table-layout касиети браузерге таблица уячалары ар дайым берилген тууралыкта болушу керектигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Синтаксис

cssселектор {
  table-layout: fixed | auto | inherit;
}

Маанилер

Маани Сүрөттөмө
auto Браузер уячалардын өлчөмүн өзгөртө алат.
fixed Браузер уячалардын өлчөмүн өзгөртпөйт.
inherit Ата-энесинин маанисин мурастайт.

Демейки маани: auto.