Z-index касиети

z-index касиети бир нече элемент бири-биринин үстүнө койулган учурда, кимдин үстүрөөк болорун аныктайт.

Синтаксис

cssселектор {
z-index: сан | auto;

Сан бүтүн, оң же терс сан болушу мүмкүн. Нөл болушу дагы мүмкүн.

Маанилер

Маани Сүрөттөмө
Сан Бүтүн сан элементтердин орнотуу тартибин белгилейт: элементтер бири-биринин үстүнө коюлганда, эң үстүндө z-index мааниси чоңураак болгону болот.
auto Орнотуу тартиби автоматтык түрдө түзүлөт: HTML кодунда төмөн жайгашкан элемент үстүрөөк болот.

Демейки мааниси: auto.

Мисал

Бул мисалда блоктор бири-биринин үстүнө HTML кодундагы тартиби боюнча (z-index берилген эмес жана демейки мааниси - auto болот) коюлат. Биринчи блок эң төмөндө (кызыл), ал эми акыркы блок - эң үстүндө (жашыл) болот:

html

css#div1 {
position: absolute;
top: 30px;
left: 30px;
width: 50px;
height: 50px;
background: red;

#div2 {
position: absolute;
top: 60px;
left: 60px;
width: 50px;
height: 50px;
background: blue;

#div3 {
position: absolute;
top: 90px;
left: 90px;
width: 50px;
height: 50px;
background: green;

Результат:

Мисал

z-index белгилеп, орнотуу тартибин өзгөртөлү. Кызыл блогго - 3, көк блогго - 2, жашыл блогго - 1. Орнотуу тартиби тескери өзгөрөт (эң үстүндө z-index 3 болгон блок болот):

html

css#div1 {
position: absolute;
top: 30px;
left: 30px;
width: 50px;
height: 50px;
background: red;
z-index: 3;

#div2 {
position: absolute;
top: 60px;
left: 60px;
width: 50px;
height: 50px;
background: blue;
z-index: 2;

#div3 {
position: absolute;
top: 90px;
left: 90px;
width: 50px;
height: 50px;
background: green;
z-index: 1;

Результат: