JavaScriptтеги сандардын алдындагы плюс

Терс сандардын алдына "минус" белгиси коюлгандай эле, оң сандардын алдына "плюс" белгисин коюуга болот.

Негизинда бул плюс эч нерсе кылбайт, бирок толугу менен уруксаттуу, мисалын караңыз:

javascriptlet a = +1;
alert(a); // 1 чыгарат