Python'до виртуалдык курчап турушун түзүү

Виртуалдык курчап туруш менен иштөөдөгү биринчи кадам - долбоор үчүн өзүнчө папка түзүү. Келгиле, ичинде виртуалдык курчап туруш түзүлө турган project_venv деген папка түзөлү. Бул папканын ичинде негизги иш файлы - main.py файлы бар болот project1 деген дагы бир папка түзөлү:

Азыр терминалды ачып, project1 папкасына өтүү керек:

terminalcd .\project_venv\project1\ # Windows үчүн
cd ./project_venv/project1/ # Linux үчүн

project1 папкасына, биздин долбоорго өткөндөн кийин, виртуалдык курчап турушту түзө баштаса болот. Бул төмөнкү команда менен жасалат:

terminalpython -m venv ..  # Windows үчүн
python3 -m venv .. # Linux үчүн

Виртуалдык курчап туруш сырткы project_venv папкасында түзүлөт, ошондуктан командада venv дин оң тарабына сырткы папкага өтүүнү билдирген эки чекит коюлат. Команда ийгиликтүү аткарылгандан кийин, система project_venv папкасында кызматчылык папкалардын жана файлдардын структурасын автоматтык түрдө түзөт. Windows ОС үчүн ал төмөнкүдөй көрүнөт:

Linux ОС үчүн болсо төмөнкүдөй:

Задание 1

Өзүңүздүн виртуалдык курчап турушу бар test_venv деген долбооруңузду түзүңүз.